Жаңылыктар
Кундуз Аманова Талас облусунун "Ардактуу атуулу" наамы менен сыйланды
УТРК жаңылыктары
Кундуз Аманова Талас облусунун "Ардактуу атуулу" наамы менен сыйланды

Баластан каналынын продюссери, сүйүктүү кесиптешибиз алдыда келе жаткан Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгына карата өзү туулуп өскөн кичи мекени Талас облусунун "Ардактуу атуулу" наамы менен сыйланды. Бул сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Алиясбек Алымкулов КТРКнын башкы директорунун орун басары Айбек Мусаевдин жана Баластан каналынын жамаатынын коштоосунда тапшырды.

"Дүйнөнү алаңгазар кылып жаткан пандемия учурунда Республикабыздын бөбөктөрү үчүн телесабактарды, онлайн көрсөтүүлөрдү эң жогорку деңгээлде чагылдырып бергендиги жана балдарга эстетикалык таалим-тарбия берүүдө зор салым кошуп келе жаткан Кундуз айым мындан дагы чоң сыйлыктарга татыктуу, бул чети гана, буюрса ал наамдар дагы келет. Эмгегин эл билген элдин кызына бул белек дем, күч берет ишенем. Ар бир үйдө бала күлкүсүн жаңыртуучу Баластан каналынын жалпы жамаатына ийгилик каалайм", - деди Баатыр Алымкулов.

Кундуз Аманова буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Кесиптешибизди кезектеги сыйлыгы менен КТРКнын жалпы жамааты дагы кызуу куттуктайбыз.