Жаңылыктар
Дастан Сарыгулов камакка алынды
Коррупция
Дастан Сарыгулов камакка алынды

"Кыргызалтын" ишканасынын мурдагы президенти Дастан Сарыгулов "Кумтөр" долбоору боюнча коррупция фактысы менен кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети маалымдайт. 

Анда айтылгандай, бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү иши боюнча Кадыров, Асанов, Сарыгулов жана башка адамдарга айып тагылган. Тергөөнүн алкагында аныкталган жаңы жагдайлардын негизинде Дастан Сарыгулов шектүү адам катары УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ошондой эле, Кумтөр долбоору боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында "Камеко", "Кумтөр Оперейтинг", "Кумтөр голд компани", "Центерра Голд" компанияларынын мурдагы директору Леонардо Хаменюктун арызы каралууда. Анда ал - 1992-жылдан 1999-жылга чейин Кумтөр долбоорун ишке ашырууну жетектеген "Кыргызалтын" ишканасынын экс-президенти Дастан Сарыгуловдун коррупциялык аракеттери тууралуу көрсөтмө берди. 

УКМК кызматкерлери белгилегендей,иликтөө учурунда алар Акаев менен Бакиевдин үй-бүлөсүнө жакын адамдардын каршы аракеттерине туш болгон. Себеби ал адамдар Кумтөр долбоору боюнча коррупциялык фактылардын ачыкталышына кызыкдар эмес болгондуктан тергөө ишине бут тосушууда деп белгилешет.