Улуттук банктын эл аралык резервдери тарыхый максимумга жетип, 2 миллиард 769 миллион АКШ долларын түздү. Резервдердин өсүшү биринчи кезекте ички рыноктогу алтынды улуттук валютага сатып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан саясатка байланышкан. Бул тууралуу Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Президент менен болгон онлайн кеңешмеде билдирди. Ал пандемия шартын эске алуу менен өлкөдөгү каржы мекемелери жарандарга жеңилдик кылуу максатында суммасы 77 млрд сомдук 200 миңден ашык насыя реструктуризацияланганын маалымдады.