Жаңылыктар
Мектеп босогосун 1-классттын окуучулары гана атташат
Билим
Мектеп босогосун 1-классттын  окуучулары гана атташат

 Жаңы окуу жылында 1-класска 156 миң окучу мектепке барат. Калган класстардын бардыгы онлайн режимде окутулат. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов Өкмөттүн жыйынында билдирди. Баланын социалдык адаптациясы, окууга көнүшү өзүнүн жаш курагында калыптанышы абдан маанилүү болгондуктан өкмөт жаңыдан мектеп босогосун аттаган балдарга толук кандуу билим алууга уруксат берди. Окуу жылынын андан аркы пландары тууралуу Министрлик калган варианттарды сунуштап жатат. Анда эпидемиологиялык кырдаал эске алынат.