Жаңылыктар
Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот өкүмү өзгөртүүсүз калды
Кыргызстан жаңылыктары
 Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот өкүмү өзгөртүүсүз калды

 Бишкек шаардык соту “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата чечим чыгарды. Буга чейин Биринчи май райондук соту чуулгандуу “Батукаев ишинде” Алмазбек Атамбаевди күнөөлүү деп таап бир нече жыл эркиндигинен ажыратып, сыйлыктарынан ажыраткан. Биринчи инстанциядагы өкүмдү шаардык сот толугу менен күчүндө калтырды.