Жаңылыктар
Бишкек - Жалал-Абад каттамы жанданды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Жалал-Абад каттамы жанданды

«Бишкек - Жалал-Абад - Бишкек» авикаттамы бүгүн жанданат. "Манас" аэропорту кабарлагандай, каттам дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү үзгүлтүсүз жүргүзүлөт. 

Буга чейин маалымдалгандай, авиакаттам 2014-жылдын октябрында аэропорттун учуп-конуу тилкеси эскирип, талаптарга жооп бербей калганына байланыштуу токтотулган.

Аэропорт кайра калыбына келтирилгенден кийин былтыркы жылдын декабрында каттам кайра жанданган болчу. Бирок, бир аз убакыт иштегенден кийин бул каттам кайра эле токтоп калган.