Жаңылыктар
Орландо шаарындагы массалык кыргын
Дүйнө
Орландо шаарындагы массалык кыргын

Америка кошмо штаттарынын Флорида штатынын Орландо шаарындагы кумсалардын түнкү клубунда болгон массалык кыргынга "Ислам мамлекети" террористтер тобу жоопкерчилик алды. 

Reuters маалымат агенттиги экстремисттердин маалымат ресурстарына таянуу менен жазып чыккандай, Орландо шаарындагы кумсалардын көңүл ачкан түнкү клубдагы массалык адам өлтүрүү кылмышы "Ислам мамлекетинин" куралчандары тарабынан жасалган. 

Ок атуудан улам 50 адам адам каза болуп, 60ка жакын адам жараат алышкан. Укук коргоо органдары маалымдагандай, түнкү клубга куралчан кол салган Омар Матин ок атуудан 20 минут мурун 9-1-1 куткаруу кызматына телефон чалып, Ислам мамлекетине баш оту менен кирип кызмат кылаарын билдирген. 

Ошондой эле, ал 2013-жылы Бостон марафонунда терракт уюштурган Тамерлан жана Джохар Царнаевдерди дагы эскерген. Алардын жардыруусунан улам 3 адам каза болуп, 280 адам жаракат алган болчу.