Жаңылыктар
Сибирь жарасына шектелип, ооруканага жаткырылган бейтаптар чыгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Сибирь жарасына шектелип, ооруканага жаткырылган бейтаптар чыгарылды

Сибирь жарасына шектелип, Ош облустук бириккен ооруканасына жаткырылган бейтаптар чыгарылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, алар Тогуз-Булак айылынын тургундары. Учурда абалы канааттандырарлык. 

Ооруканага жаткырылган 8 бейтаптан тең анализ алынган. Жыйынтыгы бирөөндө сибирь жарасы бар экенин көрсөткөн. Ошондой эле айылдын дагы 288 жашоочусу 24-августка чейин медициналык көзөмөлдө болот. Бирок аларда оорунун белгилери жок. Учурда эпидемияга каршы иш-чаралар улантылууда.