Жаңылыктар
Эже-сиңди Шевченколор алгачкы жолу бир турнирде беттешет
Спорт
Эже-сиңди Шевченколор алгачкы жолу бир турнирде беттешет

UFC эже-сиңди Антонина жана Валентина Шевченколордун катышуусунда өзгөчө беттеш даярдап жатат. Бул туурасында аталган уюмдун спорттук порталы жазды. Ага ылайык, алгачкы жолу бир тууган кыздар чогуу бир турнирде беттешет. 

Кармаштар ушул жылдын 21-ноябрында UFC 255 турниринин алкагында өтмөкчү. Спорттук иш-чаранын башка беттештеринин биринде Валентина бразилиялык Женнифер Майя менен кармашып, чемпиондук наамын төртүнчү ирэт коргоп калуу үчүн жан үрөйт. 

Ал эми Антонина дагы бразилиялык мушкер Ариана Липски менен күч сынашат. Эске салсак, 35 жаштагы Антонина соңку беттешинде калыстардын чечими менен америкалык спортчудан утулган.