Жаңылыктар
БШК шайлоо алдындагы каражатты пайдалануу жол-жобосун эске салды - Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоо 2023
БШК шайлоо алдындагы каражатты пайдалануу жол-жобосун эске салды - Кыргызстан жаңылыктары

Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы парламенттик шайлоону утурлай, кампанияны каржылоонун мыйзамда каралган жол-жобосун эске салды. 

"Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо жөнүндөгү" мыйзамына ылайык, шайлоо фондуларын түзгөн бардык акча каражаттары банктык же башка мекемедеги атайын эсепке которулат. Бул эсеп БШКнын уруксаты менен саясий партия, талапкер тарабынан ачылат. Каражаттар улуттук валютада кабыл алынышы керек", — деп айтылат билдирүүдө. 4-октябрда өтө турган шайлоого катышчу партиялар үчүн "Айыл Банк" жана "РСК Банк" шайлоо фондуларынын атайын эсептерин ачуу үчүн банктык мекемелер катары аныкталган.

Ошондой эле, партиянын, талапкердин атайын эсебине каражаттын түшүүсү жана сарпталышы тууралуу маалымат, персоналдуу маалыматтар жана банктын жашыруун сыры жөнүндөгү мыйзамды эске алуу менен БШКнын расмий сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырылышы керек. Мыйзамга ылайык, анонимдүү сый акыларга тыюу салынат. Дагы бир маанилүү жагдай — чет өлкөлөрдө убактылуу жүргөн же жашаган жарандар саясий партиянын шайлоо фондуларына өз эрки менен сый акы берүүгө укуктуу. ЖК депутаттыгына талапкер кандай критерийлерге жооп бериши керек. 

"Ал жарандын сый акысы анонимдүү деп эсептелбеш үчүн өз фамилиясын, атын жана атасынын атын, туулган жылын, дарегин, паспорттогу маалыматтарды жана акча кимден келгендигин көрсөтүү үчүн макулдугун берүүсү зарыл", — деп айтылат мыйзамда.

Шайлоо алдында БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобунун чечими менен саясий партияларга сый акы бере турган жарандарга маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү. Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрь күнү өтөт. Ага катышуу ниетин 44 партия билдирген.