Жаңылыктар
Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы күз-кыш мезгилине даярданууда
Аймак
Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы күз-кыш мезгилине даярданууда

Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы күз-кыш мезгилине даярданууда. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынан кабарлашты. 

Билдирүүгө ылайык, 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында жана андан ийгиликтүү өтүү максатында Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын адистери тарабынан 30 көмөк чордондо жана 986,6 чакырым узундуктагы 110-500 кВ электр берүү чубалгыларында оңдоо иштери аткарылды. 6 жогорку чыңалуудагы көмөк чордондо жана 51,7 чакырым узундуктагы “Каратай-Гүлчө” аба чубалгысында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. 

Оңдоо иштери менен бирге эски жабдууларды жаңыларына алмаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Учурда “Маданият”, “Металлургическая”, “Ноокат” жана “Кадамжай” көмөк чордондорунда жогорку чыңалуудагы 110 кВольттук киргизмелер алмаштырылды. “Ноокат”, “Морская”, “Целинная”, “Төлөйкөн” көмөк чордондорунда жаңы 110 кВольттук аша чыңалууну чектегичтер орнотулду. 

Мындан тышкары, 110-220 кВольттук 18 көмөк чордондун электр жабдууларын суу ташкындарынын таасиринен сактоо боюнча иштер жүргүзүлүп, өндүрүштүк имараттар, курулмалар жана унаа каражаттары оңдоодон өттү.