Жаңылыктар
Кочкор районунда сууга чөгүп кеткен 7 жашар бала изделүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кочкор районунда сууга чөгүп кеткен 7 жашар бала изделүүдө

7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-жылы төрөлгөн  бала чөгүп кеткен. 

Бүгүн саат 09:20да издөө иштерин улантуу максатында Кочкор райондук №42 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 2 суучул 1 куткаруучу, Суучулдар кызматынан 2 суучул, кошумча дагы  Нарын шаардык №16 ӨКБдан 5 суучул, Кочкор райондук №42 ӨКБдан 3 суучул жардамга келди.

Жалпы 23 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылган.