Жаңылыктар
Бишкекке Новосибирсктен 182 кыргыз жараны учуп келди - Кыргызстан жаңылыктары
Мекендештер
Бишкекке Новосибирсктен 182 кыргыз жараны учуп келди - Кыргызстан жаңылыктары

16-августта Кыргызстанга «Сибирь (S7)» авиакомпаниясынын «Новосибирск-Бишкек» багыты боюнча чартердик каттамы менен 182 кыргыз жараны учуп келди. 

Алардын арасында жаш балдар дагы бар. Чартердик каттам дүйнөдө коронавирус инфекциясынын жайылуу кесепетинен чек аралар убактылуу жабылып, эл аралык жүргүнчү ташуу каттаамдар токтотулгандыктан Кыргызстан жарандарын кайтаруу боюнча Президенттин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу максатында ишке ашырылды. 

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы КРнын Башкы консулдугуна кайтып келүүгө муктаж болгон жарандарынын кайрылууларынын кезектешүү тартиби боюнча түзүлдү. Ага кош бойлуу, жаш баласы бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникаларында операция жасашкан адамдар, депортацияланган жарандар жана Сибирь ЖОЖдорунда окуп жаткан студенттер киргизилген. 

Бул каттам менен Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк - Сахалинск, Владивосток, Петропавловск -Камчат, Якутск ошондой эле Сибир Федералдык округунун башка шаарларындагы кыргызстандыктар дагы келди. Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргызстан жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.