Жаңылыктар
УКМК Бишкектеги Салык кызматынын башкы инспекторун кармады
Аймак
УКМК Бишкектеги Салык кызматынын башкы инспекторун кармады

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башкы инспектору УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Кыргыз Темир Жолу” мамлекеттик ишканасынын мурунку жетекчилиги тарабынан ири суммадагы акчаны тартып алууга байланыштуу бир катар кылмыш иштери боюнча сотко чейинки тергөө иштери улантылууда.

Мамлекеттик салык кызматынын ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо бөлүмүнүн башкы инспекторун 14-августта кармашты.  Алар бийлик өкүлдөрү катары “Кыргыз Темир Жолу” мамлекеттик ишканасынын тендерлерине катышкан. Ошондой эле айрым компаниялар менен байланышкан жана коррупциялык схеманын иштешинде негизги ролду ойногон.

Учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319 “Коррупция” беренеси боюнча кылмышка шектелип жатат.