Жаңылыктар
Ысык-Көл районундагы жугуштуу оорулар бейтапканасы сентябрь айында ишке кирет
Аймак
Ысык-Көл районундагы жугуштуу оорулар бейтапканасы сентябрь айында ишке кирет

Ысык-Көл районундагы толук оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан жугуштуу оорулар бейтапканасы сентябрь айында ишке кирет. Бул багытта курулуш иштеринин сексен пайыздан ашыгы аяктап калды. 

Жаңы жасалып жаткан бейтапкана заман талабына ылайык жасалып, ички жабдуулары да жаңы алынат. Бейтапкананын ишке кириши менен жугуштуу оорулар бөлүмү жалпы жетимиш орунду түзүп, калк саламаттыгына кам көрө баштайт. 

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай аймакта азыр эс алуучулар абдан көп, бирок келген туристтер арасында корановирус жана пневмония илдеттери менен аймактык бейтапканага кайрылгандар жок.