Жаңылыктар
ЕАЭБ: өңдүрүлгөн продукциянын көлөмү январь-июнь айларында 324,7 млрд долларды түздү
Экономика
ЕАЭБ: өңдүрүлгөн продукциянын көлөмү январь-июнь айларында 324,7 млрд долларды түздү

ЕАЭБ өлкөлөрүндө өңдүрүлгөн продукциянын көлөмү 2020-жылдын январь-июнь айларында 324,7 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Евразия Экономикалык Комиссиясынын аналитикалык баяндамасында айтылат. 

Өндүрүш көлөмү 2019-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 2%га төмөндөгөн. 2019-жылдын январь-июнь айларында 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш 1,1% ды түзгөн. Тамак-аш азыктарын, суусундуктарды жана тамеки өндүрүү быйылкы жылдын январь-июнь айларында 63,1 млрд АКШ долларын түзүп, 5,3%га жогорулады. 

Былтыркы жылдын январь-июнь айларында 2018-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу жалпы өсүү 1,8% түзгөн. Анын ичинде Беларусияда - 4,4%, Казакстанда - 4,2%, Россияда - 5,6% өсүү байкалган. Ал эми Армения менен Кыргызстанда 6,1% жана 3,8% төмөндөгөн.