Жаңылыктар
Россия Өзбекстанга 40 дарыгерин коронавирус менен күрөшүүгө жөнөттү
Дүйнө
Россия Өзбекстанга 40 дарыгерин коронавирус менен күрөшүүгө жөнөттү

Өзбекстанга Орусиядан 40 медициналык кызматкер Covid-19 менен күрөшүүгө барды. Чет элдик булактар жазган маалыматтарга караганда, бир айдын ичинде орусиялык дарыгерлер өзбек адистери менен биргеликте практикалык жана усулдук жардам көрсөтүп иштешет. 

Орусиядан келген адистердин арасында анестезиолог-реаниматологдор, жугуштуу оорулар боюнча адистер, эпидемиологдор жана терапевттер бар. Алардын бардыгы Covid-19 диагнозу коюлган бейтаптарды дарылоодо тажрыйбасы барлар. 

Эскерте кетсек, буга чейин Орусия медициналык адистерин коронавирус илдети менен күрөшүүгө салым кошсун деп Кыргызстанга дагы жиберген. Орусиядан келген дарыгерлер Кыргызстандагы ишин жыйынтыктап, мекенине кетти. Орусиядан келген дарыгерлер тобун жетектеген Башкыртстан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал жакшырганын, кыргыз дарыгерлери мыкты иштей тургандыгын белгилеген.