Жаңылыктар
УКМК: Салык кызматынын инспектору коррупцияга шектелип кармалды - Кыргызстан жаңылыктары
Коррупция
УКМК: Салык кызматынын инспектору коррупцияга шектелип кармалды - Кыргызстан жаңылыктары

Салык кызматынын ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын Бишкек жана Чүй облусу боюнча башкы инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Буга чейин маалымдалгандай, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурунку жетекчилиги тарабынан ири суммадагы акча каражаты чыгарылып кеткени боюнча сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат. Иликтөөдө ишкананын бир катар кызматкерлери товарларды жеткирүү деген жүйө менен ири суммадагы каражаттарды алып жүргөн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган. 

Табылган далилдердин негизинде 14-августта башкы инспектор колго түштү. Ал «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын сынактарына катышкан айрым компаниялар менен байланышта болуп, аталган коррупциялык схемада негизги ролду аткарган. 

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Жазык кодексиндеги 319-берене боюнча шектелип жатканы билдирилген. 15-августта Биринчи май райондук соту тарабынан аны камакка алуу чечими чыкты. Учурда тергөө жүрүп жатат.