Жаңылыктар
Туризм тармагы жеңилдетилген насыя алууга мүмкүн болгон тармактардын катарына кирди
Туризм
Туризм тармагы жеңилдетилген насыя алууга мүмкүн болгон тармактардын катарына кирди

Туризм тармагы жеңилдетилген насыя алууга мүмкүн болгон тармактардын катарына киргизилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов билдирди. Анын айтымында пандемия учурунда чек аралар жабык болгонуна байланыштуу туризм жаатында 80%га чейинки жоготуулар болот деп күтүлгөн. 

“Бүгүнкү күндө кырдаал турукташты. Акырындык менен чек аралар ачылып жатат. Туркия менен каттамдар жанданды. Орусия жана Дубай менен да аба каттамдары ачылышы мүмкүн. Ошондо чет элдик туристтер келе баштайт”, - деди министр. 

Ошондой эле учурда өлкөдө ички туризм өнүгүп жатканын, кыргызстандыктар тоолорго көп чыгып жатканын баса белгиледи. “Ысык-Көлдө абал орточо оор болуп турат. Өзүм да мониторинг жүргүзүүгө катышып, барып келдим. Курорттор 50%га толгон. 

Айрым ишкерлер мурдагыдай толук кандуу иштеп жатышыптыр. Май, июнь айлары иш токтоп, июль жана августта гана жанданды. Бул жылы киреше 50%ды түзөт. Карантинден кийин адамдар тоого, таза абага, адамдар аз жерге умтулуп жатышат. Анан дагы кымыз ичип дарылануу аябай популярдуу болуп жатат. Анткени мындан адамдар иммунитетин чыңдашат” - деп кошумчалады.