Жаңылыктар
COVID-19: биргелешкен эмгектин үзүрү
Кыргызстан жаңылыктары
COVID-19: биргелешкен эмгектин үзүрү

Коронавирус менен күрөшүүдө тажрыйбасы менен бөлүшкөн Россиялык дарыгерлер бүгүн мекенине кайтты. Алар 3 жумадан бери жети облусту кыдырып, пандемия маалында калктын саламаттыгына кам көрдү. 23-июлда келген дарыгерлер тобу бейтаптарды илдеттен айыктырууда мыкты натыйжа көрсөтүп, оорунун алдын алуу боюнча бир топ сунуштарды берди.

Үй-бүлөлүк сүрөттөр, мекенине, жакындарына болгон кусалык. Бирок мындан да маанилүүсү калктын саламаттыгы. Башкыртстандан келген анестезиолог-реаниматолог Сергей Клявлин апрелден бери үйүнө бара элек. Кыргызстанга келгенге чейин ал Карачаево-Черкесияда андан кийин Россиянын көп ири шаарларында ковидден жабыркаган элди дарылоодо өзүнүн мыкты тажрыйбасын көрсөткөн.

42 дарыгерден турган Башкыртстандык топту бүгүн саламаттык сактоо министри ыраазычылык сөзүн айтып узатты. Келери менен бир нече топко бөлүнгөн дарыгерлер өлкөнүн ар кайсы аймагында бейтаптардын саламаттыгы үчүн күрөшүп, аракети жемиштүү болду.

Башкыртстандык дарыгерлер акыркы күнүндө бир аз толкунданып, илдеттен жабыркаган элдин ден-соолугуна кам көргөнү үчүн эки элдин достук кызматташуусундагы милдетти аткарганын айтып, кубанычы менен бөлүштү. 

Кыргызстанга жардамга келген россиялык медициналык топтордун жетекчилери менен Президент Сооронбай Жээнбеков да жолугуп, өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирген. Белгилей кетсек шериктеш өлкөнүн ак халатчандары Кыргызстанга эпид кырдаал курчуп турган маалда келген. 

Өмүр сакчылары Нарын, Аксы, Таш-Көмүр, Токмок, Кара-Балта, Кербен шаарларына барып барып кызыл зонада кыргызстандык дарыгерлерге кеңештерин айтты. Айрымдары бейтаптарды дарылоо үчүн клиникалык протоколдорго өзгөртүүлөрдү киргизүү, өлкөнүн саламаттыкты сактоо тутумун эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына даярдоо боюнча зарыл иш-чаралардын тизмесин иштеп чыгууга катышты.