Жаңылыктар
Жоокерлердин ысымдарын тактоо максатында жаңы долбоор ишке кирди - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Жоокерлердин ысымдарын тактоо максатында жаңы долбоор ишке кирди - Кыргызстан жаңылыктары

Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейинде "Ысымдарды кайтаруу" деп аталган жаңы долбоор ишке кирди. 

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин аты-жөнүн тактоо жана туугандарын табуу аракети үч этап менен өткөрүлөт. Биринчисинде жоголгон курсанттардын тизмелери такталып база түзүлөт. Экинчисинде болсо массалык маалымат каражаттары аркылуу туугандарын табуу зарыл. Акыркы этапта табылган туугандарына документтерди тапшыруу аземи өткөрүлөт.