Жаңылыктар
Пандемия учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге жардам көрсөтүлөт - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Пандемия учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге жардам көрсөтүлөт - Кыргызстан жаңылыктары

Зомбулуктан жапа чеккен үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү борборлорун колдоо боюнча долбоор ишке кирди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет. 

Маалыматка ылайык, министрлик эл аралык уюмдардын колдоосу менен бүгүндөн баштап COVID-19 пандемия учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү борборлорун жана 111 - “Балдар үчүн ишеним телефону” борборун колдоо долбоорун ишке ашыра баштайт. 

Балдар үчүн ишеним телефону борборунун маалыматы боюнча, карантин учурунда үй-бүлөдөгү аялдарга, өспүрүм кыздарга жана балдарга карата зомбулук жана ырайымсыз мамиле өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 61 пайызга жогорулаган. Ишеним телефонуна чалуулардын саны кескин көбөйгөн. 

2020-жылдын төрт айында чалуулардын жалпы саны 2 миң 440ты түзүп, алардын 191и же 7,8% балдардан келип түшкөн.