Жаңылыктар
Ош шаарынын тургундарына сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелери түшүндүрүлүүдө
Аймак
Ош шаарынын тургундарына сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелери түшүндүрүлүүдө

Ош шаарынын тургундарына сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелери түшүндүрүлүүдө. 

ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы тарабынан ар жуманын жума, ишемби жана жекшемби күндөрү Ош шаарын аралап өткөн каналдардын жана Ак-Буура дарыясынын жээгине эс алууга киринүүгө келген жарандарга суу коопсуздугу эрежелери боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 

Аталган министрлигктин маалымат кызматы сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге түшүүгө тыюу салына тургандыгын эске салат. Айрыкча, ата-энелер - жаш балдарга өзгөчө көңүл бурушу керек. Учурда республиканын бардык аймагында калк арасында суудагы коопсуздук эрежелерин, балдарын кароосуз калтырбоо тууралуу түшүндүрүү иш-чараларды жүргүзүлүп жатат.