Жаңылыктар
Ысык-Көлдүн падыша өрүгү Москвада сатылууда
Мекендештер
Ысык-Көлдүн падыша өрүгү Москвада сатылууда

Ысык-Көлдүн айтылуу өрүгү Москвада. Россиянын борбор шаарындагы ишканалардын биринин аймагында, таттуу түшүмгө кызуу соода жүрүп жатат. Сатып алгандар - ата мекендик жемиштерди сагынып, жыты аңкыган өрүктү күткөн биздин мекендештер. 

Ысык-Көл жергесинде өсүп, мөмө байлаган таттуу, жыты буркураган, кызыл-тазыл падыша өрүгү Москва шаарында сатылып баштады. Жалпы 20 тонна алып келинген, килограммы 70 рублга бааланууда.