Жаңылыктар
Чоң Чүй каналында чөгүп кеткен 5 жашар наристе табылды
Кырсык
Чоң Чүй каналында чөгүп кеткен 5 жашар наристе табылды

Куткаруучулар 10-август күнү Чоң чүй каналына чөгүп кеткен 2015-жылы туулган бөбөктү издеп табышты. Окуя Бишкек шаарынындагы Патрис Лумумба көчөсүндө орун алган. Анда жаш бала эртен мененки 8дер чамасында ойноп жатып сууга чөгүп кеткен. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын күн сайын аткарган иш аракетинин натыйжасында сөөктү 18-август күнү издеп табышты. Жалпысынан издөө иштерине ӨКМден 21 куткаруучу тартылган. Наристени издөө иштери башталгандан тартып Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун жеке көзөмөлүнө алынып, издөө-куткаруу жумуштарын жүргүзүүдө зарыл болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, ыкчам аракеттерди көрүүнү тапшырган. Бүгүн ӨКМ кызматкерлери жансыз денени ички иштер министрлигинин к ызматкерлерине өткөрүп беришти.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров жарандарга жана ата-энелерге кайрылат. Анда өзгөчө жай мезгилинин кооптуу учурунда балдарыныздарды кароосуз калтырбаныздар. 

Өзгөчө сууга түшүү мезгилинде балдарыңыздарды жалгыз калтырбаңыздар!