Жаңылыктар
Быйыл Жалал-Абад облусунда өндүрүлгөн күрүчтүн 20 пайызы экспорттолот - Кыргызстан жаңылыктары
Айыл чарба
Быйыл Жалал-Абад облусунда өндүрүлгөн күрүчтүн 20 пайызы экспорттолот - Кыргызстан жаңылыктары

Жалал-Абад облусунда быйыл 5 миң 400 тонна күрүч өндүрүлүп анын 20 пайызы экспорттолот. Бул туурасында Жалал-Абад облустук медиаборбору билдирди. 

Облус жетекчилигинин маалыматы боюнча, быйыл Базар-Коргондо 1 миң 270 гектар жерге шалы эгилген. Жазында дыйкандарга мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыялар да берилген. Бул райондо жалпысынан 10 миң 860 гектар жер дыйканчылыкка колдонулат. 

Быйылкы жылы ошондой эле 500 миң тоннага жакын дан эгиндерин жыйноо пландалууда,- деп билдирет облустук медиаборбор.