Жаңылыктар
Дарбыз өстүрүүнүн сырларын жылдан - жылга өздөштүргөн дыйкан Атантай Мамадраимов
Айыл чарба
Дарбыз өстүрүүнүн сырларын жылдан - жылга өздөштүргөн дыйкан Атантай Мамадраимов

Талас облусунун Кара-Буура районунда дарбыз талаалары келерки жылы дагы кеңейиши мүмкүн. Бул божомолду дарбыз айдап, ар бир гектардан 500 миң сомдон ашуун киреше көргөн дыйкандар өздөрү белгилешти. Белгилей кетсек, Таласта кара-бууралык дыйкандар акыркы 5-6 жылдан бери дарбыз эгип, бул багыттын өзгөчөлүктөрүн жакшы өздөштүрө башташты. Быйыл район боюнча дарбыз талаасы 30 гектарга жетти.

Чоң Кара-Буура айылынын тургуну Атантай Мамадраимов дарбыз өстүрүүнүн сырларын жылдан жылга өздөштүрүп жатат. Быйыл үчүнчү жылы дарбыз өстүргөн дыйкан, эң башкысы дарбыздын сортуна көңүл буруп жатканын айтат.