Жаңылыктар
"Кепилдик фонд” ишкерлерге жеңилдетилген насыя берет- Кыргызстан жаңылыктары
Экономика
"Кепилдик фонд” ишкерлерге жеңилдетилген насыя берет- Кыргызстан жаңылыктары

“Кепилдик фонд” ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү боюнча программа иштеп чыкты. Бул кризиске каршы аракетти жүзөгө ашыруу максатында фонд Улуттук Банктан уставдык капитал үчүн 1 млрд сом алган. Бул тууралуу «Кепилдик фонддун» төрагасы Малик Абакиров брифингде билдирди. 

Бул коммерциялык банктарга салыштырмалуу пайыздык чени төмөн насыяларды сунуштоо. Ишкерлерди жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо боюнча программага ылайык каражаттар банктарга 2% менен берилмей болду, - деди Абакиров. 

Муну менен катар Дүйнөлүк Банктын "ыкчам жардам" программасынын алкагында Кыргызстан үчүн бөлүнө турган 100 млн долларга жакын каражаттын 24 млн доллары "Кепилдик фондуна" берилмей болууда. Малик Абакиров бул каражаттар да ишкерлерди колдоого жумшала турганын белгиледи. Ошол эле учурда "Кепилдик фонду" тарабынан быйылкы жылдын жети айында 410 млн сомго, миңге жакын кепилдик берилген.