Жаңылыктар
“Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды
Аймак
“Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды

“Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын техникалык базасы жаңы атайын техникалар менен толукталды. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен сатылып алынган унаалардын ачкычын калаа башчысы тапшырды. 

Суу чачуучу, шыпыруучу, кар сүрүүчү жана кум, туз себүүчү 4 атайын техниканын баасы 14 млн 624 миң сомду түзгөн. Жарым млн эл жашаган шаарды таштандыдан тазалоодо буга чейин 30га жетпеген техника иштеп келген. Техникалык база 2009-жылдан бери жаңылана элек болчу. Ишканада 400дөй кызматкер эмгектенет. Мындан эки ай мурун аталган ишканага 12 таштанды ташуучу унаа жана 32 таштанды контейнери да тапшырылган.

"Буга чейин эски унааларды пайдаланып келдик, эгемендик алган жылдардан бери техникалык база жарытылуу жаңылана элек болчу. Биринчи жолу, өзүбүздүн бюджеттин эсебинен сатылып алынды",- деди атайын адистештирилген “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов.