Жаңылыктар
Ош шаарындагы өзбек диаспорасы ооруканага тез жардам унаасын тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарындагы өзбек диаспорасы ооруканага тез жардам унаасын тапшырды

Кечээ, 18-августа Ош шаарындагы өзбек диаспорасынын алдында түзүлгөн “Жаңы Муун” фонду медиктерге кардиологиялык тез жардам унаасын белек кылды.

Реанимациялык аппараттары бар тез жардам унаасынан тышкары: 1 ИВЛ аппарат, төшөк-жууркандары менен 80 даана медицианалык керебет, 7 миң респиратор жана 200 даана медициналык коргоочу кийимдерди тапшырышты.

Диаспоранын өкүлдөрү менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жолугуп, ыраазычылык билдирди.