28 мамлекетте 44 шайлоо участогу түзүлдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Орусияда 11, Германияда 3, ал эми Түркияда, Казакстанда, Кытайда жана Бирикен Араб Эмирлигинде экиден шайлоо участоктору ачылды. Киев, Минск, Ташкент, Дүйшөмбү, Ашхабад, Баку, Вашингтон, Лондон, Женева, Токио, Брюссель, Вена, Сеул, Нью-Дели, Куала-Лумпур, Эр-Рияд, Кувейт, Доха, Тегеран, Исламабад, Рим жана Парижде бирден шайлоо учатоктору ачылды.
Белгилей кетсек, биринчи жолу шайлоо участоктору Иркутскиде, Якутскта, Южно-Сахалинскте, Сургутта, Римде жана Парижде ачылды. 2017-жылы президенттик шайлоо учурунда 26 өлкөдө 37 шайлоо участоктору түзүлгөн.