Жаңылыктар
Москва районунда мал уурдоого шектүү жарандар кармалды
Кылмыш
Москва районунда мал уурдоого шектүү жарандар кармалды

Москва районунда мал уурдоого шектүү жарандар кармалды. Үстүбүздөгү жылдын 7-июль күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Садовое айылынын жашоочусу Б.Ю. арыз менен кайрылып, сарайынан белгисиз адамдар 3 баш бодо малын уурдап кеткенин билдирген. 

Келтирилген материалдык чыгым 100 миң сомду түзгөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. 

Москва районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, кароо жүргүзүү учурунда окуя болгон жерден автоунаанын дөңгөлөгүнүн издери калган. Анын негизинде автоунаанын үлгүсү такталып, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектелип, 55 жаштагы М.С. жана 63 жаштагы К.М. аттуу жарандар кармалышып, уурдалган малдар табылып, ээсине кайтарылып беилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери аяктап иш сотко жөнөтүлгөн.