Жаңылыктар
Чартердик каттамдар көбөйтүлгөндүктөн Кыргызстанга кайткан мекендештер арбын
Мекендештер
Чартердик каттамдар көбөйтүлгөндүктөн Кыргызстанга кайткан мекендештер арбын

Россиядан Кыргызстанга ишке ашырылып жаткан чартердик каттамдардын саны көбөйүүдө. Анткен менен кадимки каттамдардын калыбына келишин бары чыдамсыздык менен күтүп жатат. 1-сентябрда аба жолдун ачылары дагы айтылды. Ал күн келгиче мекендештер, туулган жерге кетүүчүлөрдүн тизмесине кирип калуу максатында арыздарын жазууну улантып жатат.

20-марттан 18-августка чейин 122 чартердик каттам уюштурулуп, 95 автобус жол тарткан. Россиядан кайткандардын жалпы саны 30 876 жаранды түздү.