Жаңылыктар
Сентябрда Жалал-Абад шаарындагы №6 бала бакчанын жаңы имараты пайдаланууга берилет
Аймак
Сентябрда Жалал-Абад шаарындагы №6 бала бакчанын жаңы имараты пайдаланууга берилет

Аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында жер-жерлерде элге эң эле зарыл болгон социалдык долбоорлорду биринчи кезекте ишке ашыруу негизги максаттардан болуп камтылган. Быйыл Жалал-Абад облусунда 23 бала бакчаны пайдаланууга берүү пландалган болсо, учурда 8 бакчанын имаратында курулуш иштери жүрүп жатат. 

Жалал-Абад шаарындагы №6 бала бакчанын имараты жаңы салынып жатат. 50 орундуу бакчанын курулушу ушул жылдын май айында башталган. Жергиликтүү бюджеттен каржыланып, 11 жарым миллион сом бөлүнгөн. Имараттын негизги курулуш иштери бүткөн. Сентябрь айында пайдаланууга берилет. Ал эми бакчанын эски имараты балдардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу тар болуп, ыңгайсыздык жаратып баштаган. Ал имаратта балдар үчүн зарыл болон шарт да жок болчу.