Жаңылыктар
Жемкорлук үчүн Сарыгулов камакка алынды
Коррупция
Жемкорлук үчүн Сарыгулов  камакка алынды

Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов камакка алынды. Ага Сарыгуловдун "Кыргызалтын" жетектеп турганда коррупциялык иштерге баруусу  себеп болууда. Буга чейин  ал   оппозиция өкүлдөрүнүн бийликти басып алуу  боюнча сүйлөшүулөрү  интернетке тарап кеткен иш боюнча үй камагына алынган. Бул багытта Центерранын мурдагы жетекчиси Хоменюк башкы прокурордун наамына кат жолдогон. 

Дастан Сарыгулов буга чейин оппозиция өкүлдөрүнүн бийликти басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү  интернетке тарап кеткен иш боюнча үй камагына алынган. 2014-жылы Кыргызстандын талабы менен козголгон кылмыш иштердин айынан эл аралык издөөгө алынган.  Дастан Сарыгулов 1990-жылдан 1992-жылга чейин Талас облусунун губернатору болгон. 1992-жылдын октябрынан 1999-жылдын июлуна чейин «Кыргызалтын» мамлекеттик концерндин президенти, «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруунун куратору болуп турган. 2005-2006-жылдары КРнын мамлекттик катчысы  болгон.