Жаңылыктар
«Новосибирск–Ош» чартердик каттамы менен Россиядан Кыргызстандын 181 жараны келди
Мекендештер
«Новосибирск–Ош» чартердик каттамы менен Россиядан Кыргызстандын 181 жараны келди

«Новосибирск–Ош» багыты боюнча чартердик каттам менен Россиядан Кыргызстандын 181 жараны учуп келди. 

Арасында жаш балдар бар. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей атайын каттамдар дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемияга байланыштуу чек аралар убактылуу жабылып, эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча президенттин жана өкмөттүн тапшырмасынын негизинде ишке ашырылууда. 

Жүргүнчүлөрдүн тизмесине кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникаларында операция болгондор жана Сибирдеги жогорку окуу жайларда окуп жаткан Кыргызстандын студенттери киргизилген. Бул каттам менен Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк-Сахалин, Владивосток, Петропавловск-Камчатск, Якутск ошондой эле Сибирь Федералдык Округунун башка шаарларындагы кыргызстандыктар да келишти. Чет мамлекеттерде жүргөн жарандарды мекенге кайтарып келүү боюнча иштер улантылууда.