Жаңылыктар
Екатеринбургдан Бишкекке 166 кыргызстандык келди - Кыргызстан жаңылыктары
Мекендештер
Екатеринбургдан Бишкекке 166 кыргызстандык келди - Кыргызстан жаңылыктары

Екатеринбургдан Бишкекке 166 кыргызстандык келди. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жарандар Екатеринбург, Челябинск, Магнитогорск, Тюмень, Сургут, Салехард, Надым, Курган, Пермден жана башка шаарлардан келишти. 

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардын жана кыргыздардын диаспораларынын кайрылууларынын негизинде түзүлгөн. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 20-марттан 10-августка чейин Орусиянын 21 аймагынан жалпы 26 миңден ашуун жаран мекенине кайтты. COVID-19 пандемиясынан улам марттын аягынан тартып бир катар мамлекеттер аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жапкан.

Мындан улам чет өлкөлөрдөгү миңдеген кыргызстандыктар бийликтен Кыргызстанга алып кетүүнү суранышкан. Чек аралар азырынча жабык, темир жол жана автожол каттамдары да качан толук ачылары белгисиз.