Жаңылыктар
Мыйзамсыз берилген батирлер текшерилет
Кылмыш
Мыйзамсыз берилген батирлер текшерилет

Кыргыз сокурлар жана дүлөйлөр коомунун жетекчилигиндеги коррупциялык иштер боюнча жумушчу топтун текшерүүсүнөн кийин гана жыйынтык чыгарууга болот. 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, буга чейин мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бөлүнгөн 225 батирдин ичинен 10-15 батир тиешеси жок чоочун адамдарга берилип кеткени тууралуу фактылар катталган. 

Айрым адамдар бул батирлерге ээлик кылуу үчүн сокурлар жана дүлөйлөр коомунун жетекчисине 2 миң доллардан акча беришкени тууралуу да маалыматтар чыккан. «Ошондон улам, батирлердин бөлүнүү фактысын ар тараптуу иликтөө максатында, жумушчу топ түзүлүп, бир ай аралыгында текшерүү жыйынтыгы чыгарылат», - деди Дастан Бекешев. 

Ал сокурлар жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрүнө кайрылып, өздөрүн жарандык активист деп атаган ар кандай шылуундардын чагымчыл аракеттерине азгырылбай, жумушчу топтун иликтөөсүнүн жыйынтыгын күтүүгө чакырды.