Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунун аймагында башаламан соода менен күрөш уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусунун аймагында башаламан соода менен күрөш уланууда

Жалал-Абад облусунун аймагында башаламан соода менен күрөш уланууда. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө тиешелүү орган кызматкерлери тарабынан жолго жакын жана өз алдынча башаламан соода кылгандарга катуу эскертүүлөр берилген. Айрымдарына мындай көрүнүштөр кайрадан кайталанса Бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде жоопко тартыла тургандыктары эскертилди.Ушундай эле иш-чара Аксы районунун Кербен шаарында дагы өткөрүлүүдө. Рейд 21-августка чейин уланат.