Жаңылыктар
“Чоң казат” партиясы шайлоого карата талапкерлердин тизмесин жарыялады
Шайлоо 2023
“Чоң казат” партиясы шайлоого карата талапкерлердин тизмесин жарыялады

Парламенттик шайлоого аттанган партиялар курултайларды өткөрүп, программаларды бекитип, талапкерлердин тизмесин бекитти.

Ал арада “Чоң казат” партиясы жетинчи чакырылышта мандатка ээ боло турчу 10 талапкерди жарыялады.

1. Ондуктун сап башында партиянын лидери Максат Мамытканов. Ал буга чейин УКМКда кызмат өтөгөн. 2007-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кеткен.

2. Табып Алмакан Бекова.

3. Ишкер Улан Эсенкожоев. 2016-жылы Бишкек шаардык кеңешине “Улуу Кыргызстан” партиясын жетектеген.

4. Курулуш материалдарын чыгаруучу ишкер - Шамырбек Эрмекбаев.

5. Мурунку прокурор Сыймык Жапыкеев. Ал социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин материалдык абалы 2,5 миллиард долларга баалаганы менен таанымал.

6. “Green energy” фондунун башчысы Анаркүл Султангазиева.

7. Өмүрбек Шаршеналиев - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими, ошондой эле Жалал-Абад шаарынын мэри болгон.

8. Бишкек шаардык тез жардам станциясынын мурунку башкы дарыгери Жаркынбек Касымбеков.

9. Кыймылдын ыктыярчысы Марьяна Володина.

10. Журналист Турат Акимов.

24-августта саат 18:00гө чейин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн БШКга документтерди тапшырыш керек. Муну менен катар тизме жана алар жөнүндө маалымат БШК бекиткен формага ылайык, кагаз жана электрондук түрдө берилет.

10 күндүн ичинде берилген маалыматтар текшерилет жана 4-сентябрга чейин депутаттыкка  талапкерлердин тизмеси катталат.