Жаңылыктар
Сот биринчи инстанциядагы өкүмдү күчүндө калтырды. Тарых музейиндеги жемкорлук
Коррупция
Сот биринчи инстанциядагы өкүмдү күчүндө калтырды. Тарых музейиндеги жемкорлук

Бишкек шаардык соту Тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Атадагы  ипподромду реконструкциялоо боюнча кылмыш ишин кароону аяктады.

Кылмыш иштери боюнча коллегия мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун биринчи инстанциядагы өкүмүн күчүндө калтырды.

Ошондой эле Президенттик администрациянын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн мурунку башчысы Мира Карыбаевага карата өкүм күчүндө калтырды.

Эске салсак, борбор калаанын Биринчи Май райондук соту (биринчи инстанция) мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319 “Коррупция” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, аны 18 жылга эркинен ажыраткан. Ал мамлекетке 247 миллион 650миң 281 сом төлөшү керек.  

Президенттик аппараттын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн мурунку башчысы Мира Карыбаева Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыптуу деп табылды. Мурунку кызмат адамы мамлекетке 260, 000 сом өлчөмүндө айып пул төлөшү керек.

2018-жылдын июлунда Башкы прокуратура имаратты реконструкциялоого жана Мамлекеттик тарых музейинин жабдууларын сатып алууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча кылмыш ишин козгогон. Мамлекетке келтирилген зыян 307 миллион 650 миң сомду түзгөн.