Жаңылыктар
Күзүндө сасык тумоо курчуйт. Ага каршы вакциналар сатып алынат
Ден соолук
Күзүндө сасык тумоо курчуйт. Ага каршы вакциналар сатып алынат

Курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун эпидемиялык мезгилинде Саламаттык сактоо министрлиги тумоого каршы вакциналарды сатып алат. Сасык тумоого каршы эмдөө сентябрь айынын аягында башталышы пландалууда. Датасы вакцинанын жеткирилишине карата өзгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз борборунан билдиришти.

Борбордун берген маалыматына ылайык, эмдөө биринчи кезекте медицина кызматкерлери, өнөкөт оорулары бар адамдар, оорулуу балдар, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, мектеп-интернаттар, кош бойлуу аялдар, диабет менен жабыркагандар жана жашы 65 жаштан ашкан адамдар арасында жүрөт.

Сасык тумоонун көбөйүшү, эреже боюнча суук мезгилде башталып март айына чейин уланат. Буга оорунун төмөнкү температурага туруктуулугу жана бул учурда адамдын коргону деңгээлинин төмөндөшү себеп.

Департаменттен билдиргендей этиологиялык структураны орнотуу жана алдыдагы эпидемиялык мезгилде тумоонун жаңы түрлөрүн аныктоо, ошондой эле башка курч респиратордук вирустук инфекцияларга диагноз коюу үчүн реагенттер жана тест системаларын сатып алууга арыз берилген.

Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин тендер өткөрүп, тумоого каршы 135 миң дозадан ашык вакцина жеткирүү боюнча келишим түзгөн кошумча 700 миң дозага өтүнмө даярдаган.