Жаңылыктар
Чу дарыясынын жээги ташкындап кедергисин тийгизүүдө
Өзгөчө кырдаал
Чу дарыясынын жээги ташкындап кедергисин тийгизүүдө

 Күн катуу ысып кеткендиктен, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүүдө. Учурда Чу дарыясынын нугу бузулуп, жээгиндеги калктуу пункттарга жана Бишкек-Торугарт автожолуна кедергисин тийгизүүдө. 

 Чоң-Кемин айыл өкмөтүнө караштуу Төрт-Күл айылын суу каптап кетүү коркунучу жаралды. Учурда суунун көлөмү өтө көп болуп жана шар агып жаткандыктан, 2014-жылы курулган жаңы дамбаны бир заматта агызып кетти. Ал эми мына бул мен турган көпүрө 2 жыл мурда жаңы салынып, мына ушул айылды ички жана сырткы жайлоолор менен байланыштырып турган жалгыз көпүрө. Дал ушул көпүрөнүн бир жак башын күндөн күнгө суу жеп жатат. Учурда бул жерде жергиликтүү тургундар жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери иш алып барууда.
 Чүй облусунун Кемин районуна караштуу бул аймакты суу каптоо коркунучу 10 күн мурда пайда болду. Жергиликтүү тургундардын баамында быйыл дарыядагы суунун көлөмү жылдагыдан 3 эсеге көп келүүдө.

 Негизинен Чу дарыясы республикадагы өзгөчө кырдаалдар коркунучу бар жерлерге кирет. Дарыянын жээги улам желип, нугу берилеп отуруп, калктын айдоо жери азаюуда. Анысы аз келгенсип, быйыл калктуу конуштарга да коркунуч жаралууда.

 Чу дарыясы Кыргызстандын жана Казакстандын аймагынан өтүп, эки өлкөнү чектеп турат. Акыркы жылдары дарыянын Кыргызстан тараптагы жээги желип жатканы көбүрөөк байкалууда. Өткөн апта соңунда Бишкек-Торугарт автожолунун 68-чакырымын суу жеп кетип, миң тоннадан ашык таш төгүлдү. Учурда бул аймак дагы тиешелүү тараптардын көзөмөлүндө турат.
 Бишкек-Торугарт жолунун 33-чакырымы дагы кооптуу жагдай жаратууда. Бул аймакта жээктерди бекемдөө менен катар, суунун көлөмүн азайтуу иштери жүрүп жатат.
Тагыраак айтканда бул аймак Кант шаарынын тушунда жайгашкан. Өзүңүздөр көрүп тургандай, бул жерде эч кандай жээктерди бекемдөө иштери жүргөн жок. Муну тиешелүү мекемелер таш алып келүүчү карьерде даярдалган таштын түгөнүп калганы менен байланыштырууда. Эми жээкти бекемдөө иши качан башталат азырынча белгисиз. Ал ортодо Чу дарыясына келген суунун агымы жээкти улам жеп отуруп, автоунаалар өтүүчү жолдун так түбүнө келип калды.
 Узундугу 1 миң 67 чакырым келген Чу дарыясынын Чүй облусундагы бөлүгүндө эле 200гө чукул коркунуч келтирген жагдайлар бар экендиги аныкталган. Анын 39у өтө коркунучтуу деп эсептелет.

Каржы министрлиги эсептеп чыккан сметага ылайык, Чу дарыясынын жээгин толук бекемдеп чыгуу үчүн 500 млн сомго жакын каражат керектелет. Ал эми адистердин баамында керектелүүчү каражаттын суммасы мындан эки эсеп көп акчаны талап кылат.