Жаңылыктар
Күндүн көзүн жапкан курулуш
Кыргызстан жаңылыктары
Күндүн көзүн жапкан курулуш

Бишкектин 12-кичи районундагы 46 үйдүн жанындагы курулуштун чыры токтой элек. Көп кабаттуу үй менен бала бакчанын ортосундагы көчө болуп турган жерди тороп алгандарга тургундар нааразы болуп, соттошуп жатышат. Бала бакчага жакын жердеги курулуштун жүрүшүнө ата энелер да каршы. 

Бишкектин башка чырлуу курулуштары сыяктуу эле, 12 кичи райондогу алакандай жердин чуусу башталганына да көп болду. Жашоочулардын айтымында 2007-жылы жер “Амят” деп аталган фирмага сатылып кетиптир.

 Андан соң баягы салт болуп калган сценарий. Башкача айтканда колдон колго өткөрмөй. Азыркы маалда аты жыты да жок Амят деген жеке тарап, Тентишев аттуу жаранга 2011 жылы эле жерди сатып жиберген. Ошондон тарта тургундар Тентишев менен тирешип, соттошуп жатышыптыр.
Ал эми 13 сотых жерге 9 кабаттуу үй курмакчы болгон Тентишев чеке белин тосуп алганга үлгүргөн. Бирок бул тосмо бала бакчага жолтоо болуп калган.
Бала бакчанын кызматкерлери да, бул жерде ири курулуштун жүрүшүнө каршы. Анткени бакча менен көп кабаттуу үй курулчу тилке бири бирине жакын.
2007-жылы сатылган жерди 9 жыл аралыгында кимдер гана текшерген жок. Прокуратура, экотехинспекция жана башкы архитектура. Кыскасы мен текшерүүчүмүн дегендин баары иш менен тааныш. Бирок көп суур ийин казбайт, казса да терең казбайт дегендей тиешелүү кызматтар азырынча мындай курулуш чырларына бөгөт койууда чабалдык кылууда.