Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек жаштарынын достугун бекемдеген спорттук мелдеш өттү
Спорт
Кыргыз-өзбек жаштарынын достугун бекемдеген спорттук мелдеш өттү

Кыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Өзбекстандын Фергана облусунун Сох районунун чек аралаш аймакта жашаган жаштарынын ортосунда спорттук мелдеш болуп өттү. 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан маалыматына караганда, иш-чара өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин, эки облустун элинин ынтымагын, кошуналык жакын мамилесин бекемдөө, жаштар арасында достукту чыңдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында уюштурулду. 

Мелдеш Өзбекстандын Сох районунун аймагында уюштурулуп, ага Баткен облусунун Айдаркен шаарынын жана Бирлик айыл аймагынын 25 спортчусу катышты. Мелдеш спорттун теннис, шахмат, футбол түрлөрү боюнча уюштурулуп, Баткен облусунан барган жаштар теннис жана шахмат боюнча жеңүүчү болду. Ал эми футбол боюнча мелдеш, эки команда тең чыгуу менен аяктап, достук жеңгендиги белгиленди. Мелдеш салтанаттуу түрдө жыйынтыкталып, тараптар бири-бирине каалоо тилек, жылуу пикирлерди билдирип, сыйлыктар тапшырылды.