Жаңылыктар
Көк бөрү боюнча президеттин кубогу октябрь айында өтөт - Кыргызстан жаңылыктары
Спорт
Көк бөрү боюнча президеттин кубогу октябрь айында өтөт - Кыргызстан жаңылыктары

Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында көк бөрү боюнча президеттин кубогу эпидемиологиялык абалга байланыштуу ушул жылдын октябрь айына жылдырылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган иш-чараны уюштуруу агенттиктин спорттук иш-чаралардын планына ылайык, 2020-жылдын 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүү пландалган. Мамлекеттик агенттик мелдештин өтө турган күнү менен кайсы жерде болоорун алдын ала жарыялайт. Белгилей кетсек, мелдештердин жүрүшү КТРК Спорт телеканалында көрсөтүлөт.