Жаңылыктар
Мыйзамсыз курулуштун келечеги жок
Кыргызстан жаңылыктары
Мыйзамсыз курулуштун келечеги жок

 Кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштар бүгүн болбосо дагы бир күнү сөзсүз бузулат. Бишкек шаардык мэриясынын жеке турак жай курулуш департаменти борбордору мыйзамсыз объектилерди буза баштады. 

Борбордогу Юнусалиев менен Субанбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйлөрдүн тосмолору минтип эл жүрө турган жолго чейин чыгып кеткен. Бул албетте унаалар менен жөө адамдардын өтүшүнө тоскоол болот. Үйлөрдүн кожоюндарына мыйзамсыз иш кылгандыгы тууралуу эскертүү берилгени менен тоготуп да коюшкан эмес. Акыры соттун чечими менен үч үйдүн тосмосу бузулду.
Өзү билип көчөгө тосмосун 1,5 метр чыгарып алган Шухрат, кылган ишине өкүнгөнүн ачык эле айтты. Жаңы эле курган тосмосу бузулду, эми аны кайрадан куруш керек. Буга кошумча он миң сом айып пул да төлөдү. Минтип ашыкча чыгым кетээрин билгенимде кызыл сызыктан өтпөйт элем дейт.

  Чортеков көчөсүндө  тосмолор эмес үйлөр чыгып кеткен. Кызыл китеби колунда туруп үйүн жолго чыгара салган адамдын үйүнүн жарымы эми минтип жок калды. Мамлекеттин жери экенин билип туруп короосун кеңейткендер ого эле көп. Андай объектилер бүгүн болбосо дагы бир күнү сөзсүз бузулаары турган иш.
Жерибизди кеңейтип алабыз деген кыялдардын келечеги жок. Анткени мамлекеттин жерин ээлеп мыйзамсыз курулган 800дөн ашуун объектилер быйыл сүрүлө турган болууда. Бул сан дагы жогорулайт. Учурда тиешелүү адистер шаар боюнча мыйзамсыз курулуштардын дагы канчасы бар экендигин тактап жатышат.