Евразиялык интеграция Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыт. Көп тараптуу байланыштарды кеңейтүү боюнча биргелешкен стратегиялык мааниге ээ болгон аракет экени белгиленүүдө. Убакыттын өтүшү менен, евразия мейкиндигиндеги интеграция жаңы идеялардын жана сунуштардын өнүгүүсүнө түрткү берди. Серепчилердин ырастоосунда, евразиялык тандоо – улуттук гана эмес, эл аралык маданияттарды бириктирүүдө. Алсак, башка өлкөдө Кыргызстандын жарандарынын тең укуктуулукка ээ болушу, социалдык кепилдиктер менен камсыздалышы көрүлгөн аракеттердин натыйжасы. Андыктан алдыда евразия мейкиндигиндеги интеграция өнүгүүгө гана өбөлгө түзөрүн айтышууда.
Евразиялык интеграция - Кыргызстандын өнүгүшүндө башкы багыттардан, - деген оюн учурунда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов айтып кеткен. Бирок бул өнүгүү бир канча жылдарды ичине камтыйт. Кандай гана жагдай болбосун, адамзат бирдей тарыхый доорлорду басып өтөт. Бул биздин бирдей маданий баалуулуктарыбызга байланыштуу. Евразиялык интеграция - бүгүнкү күндүн цивилизациясында мамлекеттерди жок болуп кетүү коркунучунан сактайт. Залкар жазуучунун айтканына калаа тургундары кандай пикирде. Билип көрдүк.