Жаңылыктар
Сузак районундагы дайынсыз болгон эки жаш бала аман-эсен табылды
Кырсык
Сузак районундагы дайынсыз болгон эки жаш бала аман-эсен табылды

20-август күнү саат 20:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Масадан айылындагы каналга 10 жана 8 жаштагы эки бала балык улоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз болушкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин Сузак райондук куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, ИИМ кызматкерлери жана туугандары тартылган. Издөө иш-чараларынын натыйжасында бүгүн, 21-август күнү 2 жаш бала каналга жакын жайгашкан турак үйдүн чатырынан куткаруучулар тарабынан аман-эсен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.