"Биримдик" партиясы съезд өткөрүп кандидаттардын тизмесин жана программасын бекитти. Партиянын сап башына төмөнкү кандидаттар жазылды:
1. Акылбек Жаманкулов - партиянын төрагасы. «Альфа Телекомдун» гендиректору.
2. Улукбек Кочкоров. "Ата-Журт" партиясынан Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылыштагы депутаты болгон.
3. Төрөбай Зулпукаров - ЖК депутаты.
4. Евгения Строкова - депутат ЖК.
5. Талас Бегалиев - Көк бөрү курамасынын мурунку жетекчиси.
6. Улан Бакасов - ишкер.
7. Сухбатила Мирзаев - Ош шаардык кеңештин вице-спикери.
8. Аида Касымалиева - Жогорку Кеңештин вице-спикери.
9. Талантбек Иманов «ТНК «Дастандын» экс директору.
10. Гульжигит Жумаев - «Кыргызстан Келечеги — Будущее Кыргызстана» партиясынын мүчөсү болгон.
11. Марат Аманкулов - Жогорку Кеңештин депутаты.
12. Нуржан Тынымсеитова - Бишкек шаардык кеңештин депутаты. «Елизавета» курулуш компаниясынын директору.
13. Айбек Алтынбеков - Жогорку Кеңештин депутаты.
14. Ильгиз Капаров - Ош шаардык кеңештин депутаты.
15. Бакирдин Субанбеков - Жогорку Кеңештин депутаты.
16. Нурзат Осмонова - Жогорку соттун мурунку төрагасы Курманбек Осмоновдун кызы.
Кошумчалай кетсек, 24-августтун саат 18:00гө чейин партиялар кандидаттардын тизмесин БШКга каттатууга тийиш. Үгүт иштери 4-сентябрда башталат. Ал эми шайлоо 4-октябрда болот.